Ссылки доступа

Бишкекте Нариман Түлеевге каршы митинг өтүп жатат


Бишкек шаардык мэриясынын алдына чогулган адамдар биринчи вице-мэр болуп дайындалган жана 20-октябрдан тартып мэрдин милдетин аткарары жарыяланган Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Митингдин катышуучулары анын мэрдин милдетин аткарып жатканы жана биринчи-вице мэр болуп дайындалышы мыйзамсыз деген пикирлерин билдиришти. Чогулгандар мамлекеттик кызматтарга жаңы, таза кадрларды дайындоону талап кылып, «Түлеев кетсин!» деп кыйкырып турушат. Мэриянын алдына Нариман Түлеевди колдогон топ да келип, «Нариман!» деген кыйкырышты.

Нааразы тараптын алдына Түлеев чыгып, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров менен сүйлөшө турганын, эгерде ал кызматтан кетүүгө уруксат берсе, кете турганын, мындан ары да иштеши керек десе, кызматта калаарын айтып, мэриянын имаратына кирип кетти.

Митингге чыккандар мэрияга кирүүгө аракет кылышты, бирок ушул эле жерге Түлеевди колдоп чогулгандар алар менен тирешип, имаратка кирүүгө жол беришкен жок. Алар учурда имараттын кире беришинде турушат. Азыр мэриянын алдында тартипти милиция көзөмөлдөп турат.

Митингге чыккандар Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылып Садыр Жапаровго да кайрыла турганын маалымдашты. Өздөрүнүн талабы аткарылмайынча тарабай турганын айтышты.

20-октябрда Бишкектин мэри Азиз Суракматов кызматын тапшырганын жана биринчи вице-мэр болуп Нариман Түлеев дайындалганын жарыялаган. Мыйзам боюнча мэр кызматтан кеткенде анын милдетин биринчи вице-мэр аткарып калат.

Нариман Түлеев Бишкекти 2008-2010-жылдары башкарган. Кийин коррупция үчүн айыпталып, 11 жылга кесилген. 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

Түлеев 20-августта Азиз Суракматов менен чогуу өткөрүлгөн басма сөз жыйынында өзүнөн соттуулук алынганын жана мурда козголгон кылмыш иштери боюнча Жогорку сотко кайрыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG