Ссылки доступа

Казакстан мажлис депутаттарын шайлоого $35 млн коротот


Казакстанда мажлис жана маслихат депутаттарын шайлоо үчүн 15,3 миллиард теңге (35 миллион 755 миң доллар) коротуу пландалууда. Бул тууралуу 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Сабина Мустафина билдирди.

Анын айтымында, 10,8 млрд теңгенин сметасы аныкталган. Каражаттын негизги бөлүгү (7,3 млрд теңге) 10 061 шайлоо комиссиясындагы 70 681 кызматкердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат. Калган 3,5 млрд теңге уюштуруу иштерине, бюллетень, полиграфия жана маалымат кампаниясына кетет.

2021-жылы чыгымдалуучу дагы 4,5 миллиард теңге бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө эмгек акы катары төлөнөт.

Сабина Мустафина шайлоодо карантин чаралары сакталарын, шайлоо комиссияларын мүчөлөрүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоого 341,4 миллион теңге жумшаларын кошумчалады.

Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасы - Мажлистин депутаттарын шайлоо 10-январга белгиленген.

Казакстанда эки палаттуу парламент иштейт. Анын төмөнкү палатасы болуп саналган Мажлис 107 депутаттан турат. Мажлистин 98 депутаты партиялык тизме аркылуу шайланса, сегиз депутат өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев төрагалык кылган Казакстан элдер ассамблеясынын квотасы менен келет.

Азыркы чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү 2021-жылы март айында бүтөт. Анын курамындагы көпчүлүктү бийликчил «Нур Отан» партиясынын депутаттары түзөт. Бул партия өткөн шайлоодо 84 мандатка ээ болгон. Ал эми калган мандаттар бийликчил болуп саналган «Ак жол» партиясына жана Коммунисттик партияга тийген.

XS
SM
MD
LG