Ссылки доступа

Грузияда банктагы кишилерди барымтага алган кылмышкер акча менен качып кетти


Грузиянын Зугдиди шаарындагы банкта барымтага алынган кишилердин баары бошотулду. Эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

21-октябрда белгисиз киши банкта 43 кишини барымтага алган. Сүйлөшүүлөр учурунда ал кармалгандардын көбүн бошоткон. Бул үчүн аймактын полиция бөлүмүнүн башчысы Автандил Галдава өз эрки менен туткунга түшүп берген.

Кылмышка шектүү барымтага алынган үч киши жана Галдава менен банктын имаратынан чыгып кеткен. Кийинчерээк полициячы барымтадагы кишилерди бошотууга көндүрүп, өзү да бошонгон.

Барымтачы из жашырган, учурда ага издөө жарыяланды.

21-октябрда куралдуу адам Зугдиди шаарындагы “Грузия банкына” кирип барып, ал жердеги 43 кишини жети сааттан ашык убакыт барымтада кармап турган.

Барымтачы 500 миң доллар талап кылган. Ал акчадан тышкары тик учак же автобус сураган. Ага акча берилгенден кийин үч кишини алып калып, машине менен Зугдидиден чыгып кеткен.

Грузия ИИМи Кылмыш кодексинин “Каракчылык”, “Мыйзамсыз түрдө курал-жарак сактоо” жана “Кыйноо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Акыркы берене боюнча өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG