Ссылки доступа

Сулайманов: 20-декабрга белгиленген парламенттик кайра шайлоо мөөнөтү өзгөрүшү мүмкүн


Кыргызстанда парламенттик кайра шайлоонун белгиленген мөөнөтү башка убакытка жылып калышы ыктымал болуп турат. Бул тууралуу 22-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов айтты.

Сулайманов азыр Баш мыйзамды өзгөртүп, мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо тууралуу демилгелер көтөрүлүп жатканын айтты, бирок азырынча бул тууралуу «расмий кагаз түшө элек» экенин билдирди:

«Эки түрдүү талап болуп жатат – же толук президенттик башкарууга, же толук парламенттик башкарууга өтөлү, аралаш болбойт экен деген. Шайлоо жылып калышы мүмкүн. Айтыш кыйын, балким 2-3 айбы же андан ашык».

Кыргызстанда 2010-жылы референдум өткөндө өлкө парламенттик башкаруу системасына өткөнү айтылган. Бирок талдоочулар парламентке укук көбүрөөк берилгени менен иш жүзүндө бийлик бир адамдын – президенттин колунда топтолгонун белгилеп келишет.

Сулайманов 21-октябрда сунуш кылган мыйзам долбоорун парламенттеги бардык фракциялар экинчи жана үчүнчү окууда колдоп беришкенин, бүгүн тийиштүү комитетте каралгандан кийин ал парламенттин жалпы пленардык жыйынына чыгарыларын айтты. Эгер бул долбоор кабыл алынса, Кыргызстанда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсү азыркы беш миллион сомдон бир миллионго ылдыйлатылат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

XS
SM
MD
LG