Ссылки доступа

АКШ Камчыбек Көлбаевдин кармалышын кубаттады


Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын уюшкан кылмыш чөйрөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевди кармоо аракетин кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «Твиттерде» маалымдады.

«Көлбаевдин кылмыштуу тармагы - бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган «Brothers’ Circle» эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү. Көлбаев АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча департаментинин (OFAC) № 13581 Аткаруучу буйругунун негизинде 2012-жылдын февраль айында «Brothers’ Circle» үчүн же анын атынан иш алып барат деп таанылган», деп жазылган билдирүүдө.​

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, ал боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин биринчи бөлүгүнүн («Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу») негизинде каттоого алынды.

46 жаштагы Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG