Ссылки доступа

Соодагерлер өкмөттү тыштан товар алып кирүүдөгү көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө чакырууда


Коронавирус пандемиясы башталгандан бери ишкерлер жана жүк ташуучулар өз товарларын ала албай жатышат. Үч сезондо соода болгон жок, төртүнчүсү да үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат.

Бул тууралуу Базарлар ассоциациясынын президенти Дамира Дөлөталиева экономика министри менен ишкерлердин жолугушуусу учурунда билдирди.

«Кытай менен чек ара жабылган соң ишкерлер беш айдан бери товарларын ала албай жатышат. Күн сайын кырдаал курчуп баратат, көбүнүн насыясы бар, ишкерлер, жүк ташуучулар жана соодагерлер өтө оор абалда. Биз чек арада жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүп, товарларды алууга жардам берүүнү сурайбыз», - деди ал.

Экономика министри Санжар Муканбетов айыл чарба жана азык-түлүк товарларын өткөрүү алгоритмин кытай тарап менен кайра карап чыгып, бул маселенин тезирээк чечилишине кызыктар экенин билдирди.

Кыргызстанда 2020-жылдын январь-август айларында тышкы соода жүгүртүү 3,5 млрд долларды түздү. Өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу бул 22,1% төмөн. Импорт 31,6% түшүп, экспорт 3,5% көбөйдү.

XS
SM
MD
LG