Ссылки доступа

Карагандыда энергетиктер 20 айдан бери маяна ала элек


Караганды облусунда электр энергиясын таратуучу «Сакен и К» компаниясынын кызматкерлери дээрлик эки жылдан бери айлык акы алыша элек.

Ишканада көйгөй 2018-жылы жетекчилик алмашкандан кийин башталган. Акыркы жолу жумушчуларга айлык акы 2020-жылы февралда берилген. Анда кызматкерлер нааразылык иретинде ишке чыгуудан баш тартышкан. Бирок 2018-жылдын ноябрь айынын айлыгы гана төлөнгөн. Компанияда орточо айлык акы 40 миң теңге (жүз доллардан азыраак).

Энергетиктер айлык акыларын алуу үчүн сотко, «Нур Отан» партиясына жана полицияга кайрылышкан, бирок майнап чыккан эмес.

Акимчилик компаниянын келечеги жок экенин, айлык акы, салыктар төлөнбөй жатканын билдирип, жумушчуларды өз каалоосу менен иштен кетүүгө үндөгөн.

Айылда жумуш табуу татаал болгондуктан, өзгөчө аялдар, пенсия курагындагы кишилер өз каалоосу менен арыз жазып, бошонуп кетүүдөн кооптонуп жатканын билдиришүүдө.

Компания жетекчилиги бул боюнча комментарий берген жок.

«Сакен и К» компаниясынын мурдагы жетекчиси электр энергиясы менен камсыздоочу «Казэнергоборбор» менен бир нече жылдан бери соттошуп жатышканын айткан.

Ишканада 37 киши иштеп келген, учурда 25и калды.

XS
SM
MD
LG