Тойкен журналисттик ишине кедергисин тийгизип, күч колдонгон полиция кызматкерлерине каршы прокуратурага арыз берүүнү пландап жатат.
24-октябрда Нур-Султандагы тынчтык акциясынын катышуучуларын кармоону түз эфирде чагылдырып жаткан Сания Тойкен полициянын кол салуусуна кабылган. Тартип сакчылары ал өзүн журналист катары тааныштырганына карабай, күч колдонуу менен жерге жыгып, телефонун тартып алышкан.
Ооруканада дарыгерлер анын буту жана чыканагы жарылып кеткенин аныкташкан.
Казакстандын тең укуктуу журналисттер федерациясы журналистти коргоо жөнүндө билдирүү таратышты.
Казакстанда полиция митингдерди чагылдырган журналистти бир нече жолу кармашкан.
Сания Тойкенге 2017-жылы октябрда «Журналистикадагы эрдиги үчүн» сыйлыгы ыйгарылган.