Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыкты (видео)


25-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкеде суу түтүктөрүн орнотуу иштерине байланыштуу чыр чыкты.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 25-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында тактала элек аймакта тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларга такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбой турганын айтышкан. Бирок тажик жарандары аларды укпай, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

На границе Кыргызстана и Таджикистана новый конфликт из-за водопровода
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:53 0:00

Өз кезегинде Тажикстандын бийлиги суу түтүгү орнотулуп жаткан тилке талаштуу эмес, Тажикстанга караштуу экенин билдирүүдө. Өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы кыргыз чек арачыларынын аракетин чек арадагы кырдаалды курчутууга багытталган «кезектеги чагымчылдык» деп атады.

«Бактыга жараша, Хожа Ало айылынын тургундарынын арасында атылган октон жабыркагандар жок. Чыр чыккан жердеги иштер убактылуу токтотулду. Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик бийлик органдарынын катышуусунда эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

История конфликтов на границе Таджикистана и Кыргызстана
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым. Мунун ичинен 504 чакырымы делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек аранын эки тарабындагы элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет.

XS
SM
MD
LG