Ссылки доступа

Активисттер Нур-Султандагы акцияда кармалгандарга басым болуп жатканын билдиришти (видео)


Өткөн дем алыш күндөрү саясий куугунтукка кабылган жарандардын үй-бүлөлөрүн колдоо боюнча Нур-Султандагы акцияда кармалган активисттерге басым болууда. Бул тууралуу 26-октябрда шаардык прокуратуранын алдына топтолгон жергиликтүү активисттер билдиришти.

Ишемби күнү Нур-Султанда саясий куугунтукка кабылып жаткан жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүү акциясы өтүп, анын катышуучулары кармалган. Жергиликтүү бийлик менен полиция «митингге уруксат берилбегенин» билдиришкен. Кийинчерээк социалдык түйүндөрдө активисттердин бири Назым Серикпекова кармалгандан кийин катуу сабалганы тууралуу көптөгөн билдирүүлөр пайда болгон.

Маалыматка караганда, активисттер Назым Серикпекова, Гулмира Калыкова жана Гулжанат Темирхан соттун чечими менен 10-15 суткага административдик камакка алынган.

«Прокуратурага бул активисттердин укуктарын коргоо боюнча арыз жазуу үчүн келдик. Алар иши сотто каралганга чейин бир суткага жакын полиция бөлүмүндө кармалышкан. Аларга телефон чалуу укугу менен пайдаланууга мүмкүндүк беришкен эмес», — деди Айнур Мырзалиева аттуу жергиликтүү активист.

Нур-Султандын Байконыр райондук прокурорунун орун басары Тимур Утеубаев активисттердин арызы караларын билдирди.

24-октябрда Нур-Султандагы тынчтык акциясынын катышуучуларын кармоону түз эфирде чагылдырып жаткан журналист Сания Тойкен полициянын кол салуусуна кабылган. Тартип сакчылары ал өзүн журналист катары тааныштырганына карабай, күч колдонуу менен жерге жыгып, телефонун тартып алышкан. Бул окуядан кийин Казакстандын тең укуктуу журналисттер федерациясы журналистти коргоо жөнүндө билдирүү тараткан.

Видео

Видео

"Ысык-Атанын" айлык күткөн медиктери
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00
XS
SM
MD
LG