Ссылки доступа

Садыр Жапаров: Декабрдын башында кызматымдан кетип, 10-январда президенттик шайлоого катышам (видео)


Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт жана ага мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров да катышат. Бул тууралуу Жапаровдун 25-октябрда Кочкор районунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда айткан видеосу Интернетте тарады.

В Кыргызстане решают, когда пройдут выборы и в какой форме. Ничего не ясно
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

«10-январда президенттик шайлоо болот. Мен декабрдын башында бүгүнкү кызматымды тапшырып берип, катардагы адам катары катышам. Өтсөм ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй эле жаран бойдон калам», - деди ал.

16-октябрда Жапаров Кыргызстанда конституциялык реформаны парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана уюштурса болорун, ал эми президенттик шайлоо «10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болууга тийиш экенин» айткан.

22-октябрда ал конституциялык реформа өткөнчө Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзамга кол койгон.

23-октябрда Жапаров шайлоолор Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумдан кийин өтөрүн айткан. Бишкекте өткөн 24-октябрдагы инвестициялык кеңеште «конституциялык реформага барабыз. Конституцияны кабыл алып, анан президентти да, парламенттик да шайлоо мартка чейин өтөт» деген.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Жапаров аткарып жатат.

Парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын 9-октябрда жокко чыгарган БШК кайра шайлоону 20-октябрда белгилеген. Бул чечимди Бишкектин Административдик соту жокко чыгарган. БШК соттун бул чечимине каршы даттанганы жатат.

XS
SM
MD
LG