Ссылки доступа

Тажикстанда Улуттук парктагы бактар куурап жатат (видео)


Национальный парк в Фархоре засыхает
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00

Тажикстандын Хатлон облусуна караштуу Фархор районунун Улуттук сейил бактагы жүздөгөн жемиш бактары куурап калды.

Парктын жетекчиси Садбарг Хусайнова буга сугат суунун тартыштыгы жана район бийлиги жетиштүү көңүл бурбагандыгы себеп болуп жатканын билдирүүдө.

«Акыркы үч жылдын ичинде район башчысы эки жолу алмашты. Бирок бирөө да паркка жетиштүү көңүл буруп койгон жок. Мен аларга он чакты жолу кайрылгам, бирок сейил бакка суу берүү маселеси дале чечиле элек. Бактар үч жылдан бери сугарылбай, куурап жатат», — деди Хусайнова.

Быйыл жайында райондун акими Рустам Рахматзода Улуттук паркка көңүл бурулуп жатканын, бирок 32 насостун 10у жарактан чыгып, бактарды дайыма сугарып турууга мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Фархор районундагы 20 гектар аянтты ээлеп турган Улуттук парк 2010-жылы ошол кездеги район башчысынын демилгеси менен ачылган. Андагы көчөттөрдүн көпчүлүгү Согди облусунан алып келинген.

XS
SM
MD
LG