Ссылки доступа

Казакстанда шахтачылар иш берүүчүнү сотко беришти


Карагандыдагы «Кировская» шахтасынын 45 жумушчусу жумуш берүүчү Altyn Komir Service компаниясын сотко берди. Жумушчулардын айтымында, компания узак убакыт бою пенсия фонду менен медициналык камсыздандыруу фондуна акча которгон эмес.

Буга кошумча компания шахтачылардын иштеген жылдары үчүн берилүүчү кошумча төлөмдү да токтоткон.

Шахтачылар компаниядан 300дөй жумушчу зыян тартканын, бирок алардын көбү соттошууга батынбай жатканын билдиришти.

— Эгер жөнөкөй киши пенсия фондуна акча которбосо, салык төлөбөсө, айыппул салып, акыркы шымын тартып алышат эле. Ал эми бул жерде акча которбой койсо болот экен, — деди шахтер Василий Шейко.

Altyn Komir Service компаниясынан бул боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

Караганды облусунун акимчилигинин маалымат кызматынын жетекчиси Марина Шаповалова компаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, иш берүүчү ар бир кызматкердин айлык акысынын 10 пайызын анын мамлекеттик пенсия фондундагы эсебине которушу керек. Мындан тышкары кызматкердин кирешесинин 2 пайызы социалдык медициналык камсыздоо фондуна бөлүнүүгө тийиш.

Видео

Видео

"Ысык-Атанын" айлык күткөн медиктери
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00
XS
SM
MD
LG