Ссылки доступа

Санкт-Петербургда «жасалма документ» алып жүргөн тажикстандыктарга айып пул салынды


Архив сүрөт

Санкт-Петербург шаардык полициясы жашаган жери тууралуу «жасалма документ» алып жүргөн 20га жакын тажикстандык мигранттын ар бирине 5 миң рублдан айып пул салды.

Өзүн Сухроб деп тааныштырган мигранттардын бири алар жатаканада жашап, каттоо тууралуу документтерин жердештерине жасатканын билдирди.

«Полиция маалымат базасынан биздин жашаган дарегибизди таппай койду. Азыр биз документ жасап берген адамды издеп жатабыз. Ал жатакана жетекчилиги менен сүйлөшүп, бизди ошол жерге каттоого тургузган деп ойлогонбуз», — деди ал.

Тажикстандын Москвадагы элчилигинен мигранттар мыйзам бузгандыктан, аларга жардам берүү оор экенин билдиришти.

Орусия бийлиги пандемияга байланыштуу чет өлкөлүктөр үчүн 15-декабрга чейин миграциялык жеңилдиктерди берген. Ага ылайык, чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн административдик чара көрүлбөйт. Патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Мындан тышкары миграциялык мыйзам бузган чет өлкөлүктөрдү депортациялоо да убактылуу токтотулган. Ошол эле маалда жасалма документ үчүн жаза күчүндө калган.

Орусиянын маалыматы боюнча өлкөдө Тажикстандын миллионго жакын жараны бар.

Видео

Видео

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00
XS
SM
MD
LG