Ссылки доступа

Тажикстанда көмүр кымбаттап жатат (видео)


Тажикстандын Өнөр жай министрлиги өлкөдө көмүр өндүрүшү көбөйгөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл 9 айдын ичинде 1,5 миллион тонна көмүр казылды. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу 45 миң тоннага көп.

Ошол эле маалда тургундар отундун бул түрү кымбаттап жатканына даттанышууда.

«Былтыр 13 сомони турган 25 килограммдык бир кап көмүр азыр 21 сомониден сатылып жатат. Быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу адамдардын көбүндө көмүрдү мындай баада сатып алууга акчасы жок», — деди Согди облусунун тургуну Шоинбек Шодиев.

Өнөр жай министрлигинин адистери көмүрдүн кымбатташына бир нече фактор таасир эткенин билдиришүүдө. «Көмүрдүн өздүк наркы күйүүчү майдын, запастык бөлүктөрдүн жана жардыруучу заттардын баасына байланыштуу. Булардын кымбатташы менен көмүрдүн баасы да жогорулап жатат», — деп билдирди мекеме өкүлү.

Тажикстандагы 21 кенде көмүрдүн 3 миллиард тоннага жакын запасы бар.

XS
SM
MD
LG