Ссылки доступа

Чеченстанда балдарына Мухаммед пайгамбардын атын койгон ата-энелерге 100 миң рублден берилет


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен маалымат министри Ахмед Дудаев
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров менен маалымат министри Ахмед Дудаев

Чеченстандын бийлиги жаңы төрөлгөн балдарына Мухаммед пайгамбардын, «анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакын санаалаштарынын» ысымдарын койгон ата-энелерге 100 миң рублден берүүнү убадалады. Бул тууралуу республиканын маалымат жана басма сөз министри Ахмед Дудаев билдирди.

Анын айтымында, акция мусулмандар Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилеген 29-октябрь күнү, бир сутка күчүндө болот. Ал Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун демилгеси менен жарыяланып, атасы Ахмад Кадыров атындагы коомдук фонд тарабынан каржыланат.

Буга чейин Рамзан Кадыров Францияда мугалимдин чечен улутундагы адам тарабынан өлтүрүлүшү боюнча пикирин билдирип, бул кылмышты айыптаган. Мугалим бул окуядан бир нече күн мурда сабакта сөз эркиндиги жөнүндө сөз кылып, окуучуларга Charlie Hebdo журналына жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөнү кабарланган.

Рамзан Кадыров журналдын карикатураларын колдоп чыккан Франциянын президенти Эммануэль Макрон кылмышкерден «жүз эсе жаман иш кылганын» айтып, анын бул аракети «мусулмандарды теракт жасоого чакырууга барабар» экенин билдирген.

Өз кезегинде Кадыровдун кеңешчиси, Чеченстандын муфтийи Салах-Хажи Межиев Макронду «номур биринчи террорист» жана «бардык мусулмандардын душманы» деп атаган.

Шаршемби күнү Кадыровдун бул сөздөрү боюнча Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков пикирин билдирди. Ал Чеченстан башчысынын аты-жөнүн айткан жок, бирок «субъектилердин башчылары тышкы саясат менен алектенип, аны аныктабай турганын, мыйзамда мындай ыйгарым укуктар өлкө президентине гана берилгенин» белгиледи.

Өз кезегинде Кадыров Макрон тууралуу саясатчы эмес, мусулман катары пикирин билдиргенин айтты. Ал өлкөнүн тышкы саясатын ким аныктап, ким көзөмөлдөөрүн жакшы биле турганын, бул теманы ага түшүндүрүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG