Ссылки доступа

Бадахшанга чабуул койгон талибдер Тажикстандын чек арасына жакын келишти


Ооган өкмөтү менен талибдер өлкөдө 40 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу боюнча Катарда сүйлөшүү жүргүзүп жаткан маалда, талибдер Бадахшандагы чабуулдарын жандандырды.

«Талибан» кыймылы менен болгон кагылышуулар Бадахшандын 22 уездинде уланууда. Ушул тапта Файзабад, Бахорак жана Вардуж, Журм, Кишм, Рогистан, Куфа, Нусай, Моймай Дарваз аймактарында чабуулдар болуп жатат. Айрым уезддер Тажикстандын Хатлон облусу жана Тоолуу Бадахшан автоном облусу менен чектешет.

Бадахшан полициясы өткөн аптада эле бул аймактарда коопсуздук күчтөрүнүн онго чукул кызматкери мерт болгонун билдирди. Маалыматка караганда, «Талибан» кыймылынын 50дөн ашуун жоочусу жаракат алган жана өлтүрүлгөн.

Бадахшан провинциясынын аткаминерлери талибдерге чет өлкөлүк, негизинен Борбор Азиядан келген жоочулар көмөк көрсөтүп жатканын айтты.

Бадахшан өкмөтүнүн маалымат катчысы Некмухаммад Назаринин айтымында, талибдер менен катар Тажикстандагы «Ансаруллох» террордук тобу жана кытайлык уйгурлар да аймакта ири коркунучтарды жаратууда.

«Талибан» кыймылы арасында чет өлкөлүк жоочулар бар экенин четке кагып, өкмөттүк аскерлер менен жападан жалгыз күрөшүп жатканын билдирип келет.

Тажикстан Ооганстан менен 1400 чакырым аралыкта чектеш. Коңшу өлкөдө 40 жылдан бери согуш өкүм сүрүүдө жана жаңжалды тынч жол менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү боло элек.

Видео

Видео

"Ысык-Атанын" айлык күткөн медиктери
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:27 0:00
XS
SM
MD
LG