Ссылки доступа

Баш мыйзам: Кыргызстан кайда багыт алат? (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Жапаров баштаган өкмөт алгачкы жыйынын өткөрдү. Садыр Жапаров баштаган 31-өкмөт 29-октябрда алгачкы кеңейтилген жыйынын өткөрдү. Ал жерде өлкө экономикасы, бюджеттин абалы жана коррупцияга каршы күрөш талкууланды. Финансы министринин маалыматы боюнча, бюджеттеги тартыштык 35,6 миллиард сомго чейин жеткен. Жыйында Садыр Жапаров кызматтык дайындоолор саясий күчтөрдүн сунуштарын эске алуу менен ишке ашып жатканын жана коррупцияны жоюу татаал экенин айтты. (видео)

- Баш мыйзам: Кыргызстан кайда багыт алат? Кыргызстанда Конституцияны 10-жолу өзгөртүү аракети башталды. Бул өзгөрүү демократиялык өнүгүүдөгү башкы баскыч болгон парламенттик башкаруу системасын бекемдейби же тескери багытка бурулуп, бийликти бир колго топтоого шарт түзөбү? Өлкө Грузиядан эмнени үйрөнө алат? (видео)

- Кеңешбек Дүйшөбаев: Матраимовдун кармалышы "шоу" болду. Кыргызстан мыйзамдык нукка эртерек түшпөсө, саясий, экономикалык жана социалдык абал дагы оорлой бериши мүмкүн. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев «Азаттыкка» курган маегинде билдирди. Ал кызматтан кетүү себептери, аткарган жумуштары жана президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун ал жөнүндө айткан кептери тууралуу пикирлери менен бөлүштү. (видео)

- Түгөй таап, түтүн булаткан эгиздер. Жети-Өгүз районунда эгиз жигиттер эгиз кыздарга баш кошту. Эгиз жигиттер эгиз кыздарга баш кошкон үлпөт Түп районунда да болду. Ошентип, Ысык-Көлдө эгиз түгөйлөрдөн куралган төрт үй-бүлө түтүн булата баштады. Бул өзгөчө түгөйлөргө суктанып, сүрөткө түшкөнү келген айылдаштары да аз эмес. (видео)

- Бишкек бир нече саат жылуулуксуз жана жарыксыз калды (видео Директ)​

- Тажикстан Рахмондун инагуруациясына даярданууда: Душанбеде гүл тигилип, жол сызыктарын жаңыланууда. (видео Директ)​

- Нур-Султанда полиция бир нече активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүп, айрымдарынын телефондору жана жеке буюмдары алынды. (видео)

- Казакстан өлкөнү жарнамалоо үчүн «Борат» тасмасындагы фразаны колдонду. (видео)

​- Душанбеде мыйзамсыз иштеген таксилерди аныктоо үчүн рейддер башталды​. (видео)

- АКШ Сенатына Кытайдын уйгурларга карата мамилесин геноцид деп таануу тууралуу резолюция келип түштү. (видео)

- Байкоңурдагы жалгыз ооруканада дарыгерлер жетишпейт. (Казакстандан видео)

- Тажикстанда көмүр кымбаттап жатат. (видео)​

- Кадыров ислам экстремизми тууралуу сөзү үчүн Франциянын президентин «дөдөй» деп атады. (видео)

- Алматыда 31-октябрга белгиленген митингдердин алдында активисттердин үйлөрү тинтүүгө алынды. (видео)

- Казакстанга кирүүдө тест керекпи? (видео)

- Казакстанда азык-түлүктү карызга алгандар көбөйүүдө. (видео)

- Москвада чек аралар жабылгандыктан мигранттардын кызматына суроо-талап көбөйдү. (Настоящее время)​

- Кыргыз-тажик чек арасында суу түтүгүнөн улам кайра чыр чыкты. (видео)

- Тажикстанда азык-түлүк баасы жогорулап жатат. (видео)​

- Казакстанда саясий туткундарга жардам берүүнү каалагандар кармалды. (видео)

- Конституциялык реформа: алдыга кадамбы же арткабы? (Кыргызстандан видео)​

- Юристтер: Парламенттик шайлоону жылдыруу саясий каатчылыкты күчөтөт. (Кыргызстандан видео)

- Беларуста нааразылык акциялар өттү. (сүрөт баян)

​- Минскидеги нааразылык жүрүштүн катышуучулары күч менен таркатылды. (видео)

- Тажикстан витаминдүү ун чыгара баштайт. (видео Директ)

- Дубнов: Бишкектеги окуялар Москванын акылына сыйбай жатат. Кыргызстандын Конституциясы онунчу жолу өзгөртүлгөнү турат. Ага жол ачкан мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш кабыл алып, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койду. (видео)

- Алматыда жеке жаныбарлар жайы коргоочусуз калды. (видео)

- Пандемияга жана мыйзамдардын так эместигине байланыштуу жүздөгөн мигрант Орусиядагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборлоруна толуп калды. (видео)

- Маслихаттардын депутаттарын эл эмес, партиялар тандайт. (Казакстандан видео)

- 10 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келген айыл. (Тажикстандан видео)

- Казакстан «кызыл зонага» кантип өтүүдө? (Настоящее время)​

- Казакстанда азык-түлүк кымбаттоодо. (видео)

- Тажикстанда ак илбирс кармалды. (видео Директ)

- Бир жыл мурда Кытайдан качып келген шинжаңдык казактарга качкын макамы берилди. (Казакстандан видео)

- COVID-19га байланыштуу Казакстанда жаңы чектөөлөр киргизилүүдө. (Настоящее время)

- COVID-19дун узак мөөнөттүү кесепеттери. (видео)

- АКШдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы кандай болот? (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG