Ссылки доступа

Душанбеде мыйзамсыз иштеген таксилерге каршы рейддер өтүүдө (видео)


Тажикстандын борбору Душанбеде Мамлекеттик автоинспекция жана Транспорт министрлиги мыйзамсыз иштеген таксилерге каршы рейддерди уюштурууда.

Коомдук транспорттордун нугу менен жүргөн мындай таксилерде жол кире жарым долларды түзөт, бул автобустун билетине караганда үч-төрт эсеге кымбат.

Легалсыз иштеген таксилер өзгөчө жайында көбөйгөн. Айдоочулар коронавирус пандемиясына чейин Орусия, Германия, Польша, Швецияга барып иштеп жүрүшкөнүн, чек аралар жабылгандан бери тышка чыга албай, таксист болуп эмгектенип жатышканын айтышкан.

Таксист Рустам салык төлөп, ачык иштөөгө даяр. Бирок анын автоунаасы эски болгондуктан такси катары каттоого тура албайт. Душанбедеги эрежелер боюнча 2014-жылдан кийин чыккан автоунаалар менен гана жүргүнчү ташып иштөөгө болот.

–Эгер маршруттун номери жазылган трафарет менен кармашса, элүүдөн сексен долларга чейин айып пул салышат. Эл Орусиядан келди. Бул жерде башка жумуш жок: заводдор, фабрикалар иштебейт. Эл эмне кылышы керек?

Тажикстан ИИМинин маалымат катчысы Нусратулло Махмадзоданын айтымында, мыйзамсыз жүргөн таксисттер коомдук транспорттун ишине тоскоолдук жаратып, техникалык талаптарга жооп бербеген эски автоунааларды пайдаланышып, жүргүнчү ташуу эрежелерин бузушууда.

“Айдоочулар кардар топтойбуз деп жол эрежелерин бузушуп, тыгындарды пайда кылышууда. Алар биздин рейддерге даттангандан мурда эреже сактаганды үйрөнүшсүн!”, - деди Нусратулло Махмадзода.

Аткаминерлер ушул тапта Душанбеде мыйзамсыз иштеген канча такси бар экенин айта алышпайт. Расмий маалыматтарга караганда, пандемияга чейин жыл сайын жарым миллиондон ашуун тажикстандык иш үчүн башка өлкөлөргө чыгып турган, иш жүзүндө бул сан эки эсеге көп болушу ыктымал.

В Душанбе начались облавы на нелегальные такси
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00

В Таджикистане в разы выросло количество такси
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Спрос превысил предложение: в Таджикистане все больше людей ищут работу на рынках труда
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Видео

Видео

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00
XS
SM
MD
LG