Ссылки доступа

Amnesty International Кытайда өмүр бою соттолгон казакты колдоду


“Эл аралык мунапыс” (Amnesty International) уюму Кытайда өмүр бою соттолгон улуту казак, жазуучу Нагыз Мухамедулыны бошотуу талабы менен коомчулукту Шинжаңдын түрмө жетекчилерине кат жазууга чакырды.

Укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Нагыз Мухамедулы сегиз жыл мурун Кытайдан Казакстанга жер которгон. 2018-жылы ал Кытайга туугандары менен жолугушуу үчүн барганда кармалып, “сепаратизм” айыбы менен камалган. 2020-жылы сентябрда өмүр бою эркинен ажыратылган.

Анын туугандары Мухамедулы тааныштары менен жолуккан маалда Шинжаңдагы казактардын Казакстанга көчүшүн кубаттап, Кытайда эки тилдүү билим берүү саясатын жактай турганын айтканы үчүн соттолгонун билдиришкен.

Мухамедулы сотто айыптоолорду четке кагып, сурак учурунда кыйноого кабылганын айткан. “Эл аралык мунапыс” уюмунун билдирүүсүндө Мухамедулы 2018-жылдан бери тышкы дүйнөдөн обочолонуп калганы айтылат.

Amnesty International каалоочуларды Мухамедулыны бошотуу чакырыгы менен Шинжаңдын Түрмө башкармалыгынын жетекчилерине кайрылуу жолдоону сунуштоодо. Уюм ал күнөөсү далилденип, эл аралык стандарттарга ылайык адилеттүү сот жараяны болгонго чейин камактан чыгышы керек деп эсептейт.

Amnesty International маалымдагандай, Мухамедулы Алтай округунун материалдык эмес маданий мурастар башкармалыгында иштеген. Шинжаңдын жазуучулар биримдигинин мүчөсү, эки ыр жыйнактын автору. 2012-жылы анын үй-бүлөсү Казакстанга көчүп келген.

Бир катар Батыш мамлекеттери, эл аралык укук коргоо уюмдары Кытай бийлигин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарын "саясий тарбия лагерлеринде" негизсиз камап турганы үчүн айыпташат. Буга чейин Кытайдан келген жүздөгөн казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде эркинен тыш, катаал шартта кармалып турганын айтып, жардам сурашкан. Бээжин бул дооматтардын баарын четке кагып, сөз болгон жайларды "агартуучу борбор" деп атап келет.

Видео

Видео

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00
XS
SM
MD
LG