Ссылки доступа

Минск Латвия, Литва, Польша жана Украина менен чек арасын жапты


Минск эскертүүсүз түрдө Литва, Латвия, Польша жана Украина менен чек арасын жапты.

Беларус мамлекеттик чек ара комитети чек аралардын жабылышын коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнүн тарашы менен түшүндүрдү. Күн мурун Александр Лукашенко эгер бул өлкөлөрдөн агрессия учуру катталса, армия анын мизин кайтарууга даяр экенин билдирген.

“Азаттыктын” беларус кызматы чек араларда тыгын пайда болгонун жазды. Беларустар үйлөрүнө кайта албай жатканына даттанышууда. Чек арадан дипломатиялык жана жүк унааларын гана өткөрүшүүдө. Ошол эле маалда Минск аэропорту кадимки режимде иштөөдө.

Бейшембиде Александр Лукашенко АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен сүйлөшүп, ага Польша, Литва, балким Украина тараптан кыймыл болсо жооп берерин эскерткенин айткан. Ошол эле күнү ал бул өлкөлөр менен болгон чек араларын бекемдөөнү тапшырган.

XS
SM
MD
LG