Ссылки доступа

Өзбек-казак чек арасында топтолуп турган тажикстандыктар мекенине жеткирилет


Эл аралык миграция уюму менен Борбор Азиядагы үч өлкөнүн өкмөттөрү ар бир айдын аягында Казакстандагы тажикстандык жарандарды «жашыл коридор» аркылуу мекенине өткөрүп туруу боюнча макулдашты.

Миграция уюмунун өкүлү мындай чечим жарандардын чек арага топтолуп, көпкө күтүп калуусунун алдын алуу үчүн кабыл алынганын билдирди. Анын айтымында, эми тажикстандык мигранттар элчиликтен жана диаспоралардан чек арага качан келүү керектиги тууралуу алдын ала маалымат алып, дароо мекенине кайтууга мүмкүнчүлүк алышат.

«Чек арага келген жарандардын документтери текшерилгенден кийин дароо автобустар менен мекенине жөнөтүлүп турат», — деди уюмдун өкүлү.

Караганды шаарындагы тажик диаспорасынын жетекчиси Шакарбек Норматов 30-октябрда атайын автобус уюштурулуп, Тажикстандын 12 жараны өзбек-казак чек арасына жөнөтүлгөнүн билдирди. Ушундай эле жол менен Орол, Костанай, Алматы жана башка шаарлардан 100дөн ашык тажикстандык чек арага жеткирилген.

Өзбекстан менен Казакстан чек араларын быйыл мартта коронавирус инфекциясына байланыштуу жаап, эл аралык автобус, поезд жана аба каттамдарын токтоткон.

Видео

Видео

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00
XS
SM
MD
LG