Ссылки доступа

Грузияда шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон оппозиция өкүлдөрү митингге чыкты


Тблисиде оппозициянын тарапташтары 31-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктарына нааразылык билдирип митингге чыгышты.

Митингдин жүрүшүндө оппозициялык «Бирдиктүү улуттук кыймыл – Күч биримдикте» партиясынын лидери Саломе Самадашвили башкаруучу «Грузин кыялы» партиясы шайлоочулардын добуштарын сатып алганы боюнча далилдерди дипломатиялык миссиялардын жетекчилерине көрсөтүүгө ниеттенип жатканын билдирди.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары жалпысынан Грузиядагы шайлоого оң баасын берип, бирок өнөктүк маалында мамлекет менен башкаруучу партияны аралаштырууга жол берилип, шайлоо кампаниясын каржылоонун принциптери жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөнбөгөнүн белгилешти.

Бюллетендердин дээрлик 90% ашыгы саналып бүткөндөн кийин «Грузин кыялы» шайлоочулардын 48,05% ээ болду. Бул сан партияга өкмөттү өз алдынча түзүүгө укук берет. Оппозициялык «Күч биримдикте» бирикмеси 27,07% добуш алды.

XS
SM
MD
LG