Мындан тышкары Тоолуу Карабак бийлиги 2-ноябрда жаңжал болгон аймакта 20 түрк жалданма аскери өлтүрүлгөнүн маалымдады. Армения премьер-министри Никол Пашинян Бакуга карата эл аралык иликтөө жүргүзүүгө чакырды.
Буга чейин Анкара менен Баку Тоолуу Карабакта Түркиядан келген жалданма аскерлер согушуп жатканын четке каккан.
Бул арада Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-ноябрда Арменияны азери аймагын аткылоого айыптады. Азербайжан президенти Ильхам Алиев эгер Ереван Тоолуу Карабактан аскерлерин чыгарып кетүүгө милдеттеме алса, Баку согуштук аракеттерди токтотууга даяр экенин айтты.
Октябрдын аягында Азербайдан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Женевада жолугушуп, жоолошкон тараптар калктуу конуштарга, аскердик эмес объектилерге чабуул жасабоо жана туткундарды алмашуу боюнча макулдашкан.
1980-жылдардын аягынан бери Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылышуу уланууда.