Ссылки доступа

АКШда президенттик шайлоо башталды


АКШда бүгүн шайлоо күнү. Бул жолу мамлекет башчылыкка азыркы президент Дональд Трамп жана мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

АКШда алгачкы шайлоо тилкеси Нью-Гэмпшир штатындагы Диксвилл-Нотч айылында ачылды. Жергиликтүү беш шайлоочунун баары тең Байден үчүн добуш берген.

Дүйшөмбүдө эки талапкер тең бир нече штатта шайлоонун келечегин аныктоочу иш-чараларды өткөрүшкөн.

77 жаштагы Байден Огайодо кайрадан Трамптын пандемияга каршы күрөшүүдөгү ишин сындаган. “Эртең элди экиге бөлгөн президенттин мөөнөтү бүтөт”, - деп айткан Байден. Ал Трампты “алсыз” деп атаган. Андан соң Байден Пенсильванияга барган. Бул аймакта сурамжылоолор оюнча Байден алдыда келатат, бирок 2016-жылдагы шайлоодо чөлкөмдө Трамп жеңишке жеткен.

Питтсбургда Байден эмгек кошуундарынын мүчөлөрү жана афроамерикалык шайлоочулар менен жолуккан. Ал жакта автожүрүшкө Байденге поп-жылдыз Леди Гага кошулган.

74 жаштагы Трамп добуш берүүнүн алдындагы маанилүү күндө Түндүк Каролинага барды. Бул жерде да талапкерлер ортосунда катуу күрөш жүрүүдө. Трамп кыдырган Мичиган, Висконсин менен Пенсильванияда да сурамжылоолордо Байден лидер аталууда.

Трамп Түндүк Каролинада шайлоочулардын алдында сүйлөп жатып “Байденди колдогондор элдин оозун жаап, баарыңарды жазалагысы келип турган коммунисттерге, социалисттерге, эки жүздүү бай либералдарга жол ачып берет” деп айтты.

Бул жолу АКШда 97 миллион шайлоочу алдын ала добуш берди. Көптөгөн бюллетендер почта менен жөнөтүлгөндүктөн, добуштарды саноо бир нече күнгө созулушу ыктымал.

Бул шайлоонун алкагында америкалык шайлоочулар Өкүлдөр палатасындагы 435 орунду жана Сенаттагы 35 мандатты, ошондой эле 11 губернатордук кызматты жана жергиликтүү бийлик органдарындагы ар түрдүү кызматтардын тагдырын да аныкташат. Мындан тышкары бир катар маселелер боюнча референдум дагы өтөт.

XS
SM
MD
LG