Ссылки доступа

Түркмөнстан жарандардын өлкө аймагында себепсиз жолго чыгышына чектөө киргизди


Түркмөнстандын бийлиги кийинки жылдын 1-январына чейин жарандардын өлкө аймагында себепсиз сапарга чыгышына чектөө киргизди.

Мындай чектөө расмий эмес мүнөздө болуп, коронавирусту жайылтпоо максатында болушу мүмкүн. Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин расмий түрдө тааныбай келет.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлагандай, жолго чыгууну каалагандар атайын комиссиядан уруксат алышы керек болот. Бул комиссиянын курамына полициянын, Миграциялык кызматтын, Улуттук коопсуздук министрлигинин өкүлдөрү жана санитардык дарыгерлер кирет.

Жаңы чектөөлөрдөн улам өлкөнүн аймактарынан борбор шаар Ашхабадга барып келип иштегендер кыйналууда.

Март айында да түркмөн бийлиги өз аймагында жарандардын катнашына тыюу салган болчу.

Расмий Ашхабад мурдагыдай эле өлкөдө коронавирус жок деген позицияда. Түркмөнстан - COVID-19 өз аймагында бар экенин четке каккан БУУнун жападан-жалгыз мүчөсү.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG