Ссылки доступа

Тажикстанда белгилүү дин ишмеринин уулу мамлекетке чыккынчылык кылуу айыбы менен соттолду


Саид Киёмиддин Гози. Архив сүрөт
Саид Киёмиддин Гози. Архив сүрөт

Душанбе шаардык соту 90-жылдардагы белгилүү дин ишмери Саид Киёмиддиндин улуу баласын мамлекетке чыккынчылык кылууга күнөөлүү деп таап, 13 жылга эркинен ажыратты. 44 жаштагы Саидмухаммад Саидкиёмиддиндин иши боюнча сот отуруму жабык өттү.

Душанбе шаардык сотунун өкүлдөрү өкүм боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Саидмухаммаддын жакындары сот чечимине нааразы экенин, Жогорку сотко даттана тургандыктарын билдиришти.

Киёмиддиндин 44 жаштагы Саидмухаммад, 33 жаштагы Саидхасан жана 25 жаштагы Саидмухаммади аттуу балдары быйыл июлдун ортосунда кармалышкан.

«Озоди» радиосунун маалыматына караганда, Саидмухаммад мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталууда. Булактын айтымында, ал тажикстандык эки студентке Ирандын визасын алууга жардам берген. Саидхасан менен Саидмухаммади экстремизмге шек саналып кармалган.

Саид Киёмиддин Гози өзү 2017-жылы ноябрда Санкт-Петербургда Тажикстан менен Орусиянын атайын кызмат өкүлдөрү тарабынан уурдалып, Хожент шаарына жеткирилген. Анын соту жабык өтүп, 2018-жылы майда 25 жылга эркинен ажыратылган. Ал «Улут, раса жана дин аралык кастыкты козутуу», «Мамлекетке чыккынчылык кылуу» жана «Коституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык кылуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Кийинчерээк анын камактагы мөөнөтү 18 жылга кыскартылып, бирок 2019-жылы майда Вахдат абагындагы тополоң маалында өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG