Ссылки доступа

Өзбекстанда пахта териме чыккан 62 жаштагы киши каналга чөгүп кетти


Жизак облусундагы Бахмал районунун 62 жаштагы тургуну Райимберди Каршиев 23-октябрда Мирзачул районуна пахта теримге барып, каналга түшүп кетип өлгөнү белгилүү болду.

Маркумдун иниси Гулом Каршиевдин айтымында, маале катчысы агасын алдамчылык жол менен пахта теримге алып кеткен.

“Алар 62 жаштагы киши кантип пахта чогултат деп ойлобой, туугандарынан уруксат сурашкан эмес. Аларга сан эле керек болгон. 23-октябрда ал каналга түшүп кетип мерт болду. Кантип түшүп кеткенин эч ким билбейт. Улгайган кишини пахта теримге алып баргандар жоопкерчиликке тартылышы керек”, - деди ал.

Маале катчысы Жахонгир Болтаев аксакал өз каалоосу менен барганын билдирүүдө.

"Биз аны мажбурлаган эмеспиз. Ал ишсиз үйдө отурганын, барып акча тапкысы келерин айтты. Туура, биз айылга келгенде ал бир үйдө иштеп жатыптыр. Бирок бул мажбурлоо же алдоо болгон эмес, өз эрки менен барган. Ал арактан көп ичип алып, мас абалда каналда уктап калыптыр”, - деди катчы.

Быйыл 23-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 75-сессиясында сөз сүйлөгөн Шавкат Мирзиёев өлкөдө балдар эмгеги жана мажбурлап иштетүү тажырыйбасы толугу менен токтотулганын айткан.

Бул арада Мамлекеттик эмгек министрлиги быйыл 35 кызмат адамы кишилерди мажбурлап ишке тартканы үчүн 372,41 миллион сум (35 миң АКШ доллары) айып пулга жыгылганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG