Ссылки доступа

Өзбекстанда $50 000 өлчөмүндөгү Мухаммед Аль-Хорезми сыйлыгы негизделди


Өзбекстандын өкмөтү Мухаммед Аль-Хорезми атындагы Эл аралык сыйлыкты ыйгаруу жоболорун жана тартиптерин бекитти. Сыйлыктын өлчөмү 50 миң доллар болот. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги билдирди.

Мухаммед Аль-Хорезми сыйлыгы математика тармагында фундаменталдык же турмуштук илимий иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен маселелерди чечүү жолдорун сунуштаган окумуштууларга, анын ичинде чет өлкөлүк же жарандыгы жок кишилерге ыйгарылат.

Сыйлыкты эки жылда бир жолу өлкө президенти тапшырат.

Мухаммед Аль-Хорезми атындагы эл аралык сыйлыгы 2020-жылы 7-майда өзбек президенттинин жарлыгы менен түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG