Ссылки доступа

"Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз" (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Орус вакцинасына карата нааразылык күчөдү. (видео)

- Жаңы төрага жана коюлган доомат. 4-ноябрда Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Мунун алдында парламенттин спикери Канатбек Исаев өз эрки менен кызматтан кетип, аны президенттик шайлоого катышуу ниети менен байланыштырды. Мамытов президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаровдун саясаттагы үзөңгүлөшү. Айрымдар парламенттеги акыркы орун алмашуу Жапаровдун бийлигин бекемдегенин айтышып, аны узурпация катары баалап жатышат. (видео)

- Зулушев: Прокуратура саясий куугунтукка барбайт. Башкы прокурор Курманкул Зулушев алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп, прокуратура органы саясаттан тыш иш алып барарын билдирди. Ошондой эле ал коррупция менен аёосуз күрөш жүргүзүп, бирок саясий куугунтук менен алектенбей турганын айтты. Зулушевдин башкы прокурорлукка дайындалышы Садыр Жапаровдун жеке бийлигин күчөткөн көрүнүш катары бааланган. (видео)

- "Ушул күзүм, былтыркыдан бөтөн күз". Күз мезгили акындардын көзү менен... "Азаттык" акындардын берекелүү күз мезгили тууралуу ырларын топтоду. (видео)

- Тажикстанда 90-жылдары каза болгон ондогон журналистти өлтүргөндөр аныктала элек​. (видео)​

- Кызылордо облусундагы Камбаш көлү соолуп жатат​. (Казакстандан видео)

- АКШда жаңы шайланган президенттин аты-жөнү качан белгилүү болот? (видео)

- "Мен Казакстан деген түрмөдө жашайм". Казакстанда бир нече аял элге үнүн жеткирүү үчүн чачын алдырып, бийликке кайрылуу жолдошту. (Настоящее время)​

- Казакстанда коронавируска тест тапшыруу үчүн узук кезектер жаралууда. (видео)

- Нур-Султан шаардык полиция департаментинде активисттерге кол салуу болду. (видео) (видео Директ)

- Казакстанда Кытайдан качып келген дагы эки шинжаңдык казак качкын макамын алды. (видео)​

- «Саясий туткундар» мунапыска илинеби? Казакстандын президенти өлкө эгемендигининин 30 жылдыгына карата камактагыларга мунапыс жарыялады. (видео)

- Хожент дарыканаларында «коронавирустан коргой турган» бейджиктер пайда болду. (Тажикстандан видео)

- Казакстан өлкөнү жарнамалоо үчүн «Борат» тасмасындагы фразаны колдонду. (видео)

- Казакстанда азык-түлүктү карызга алгандар көбөйүүдө. (видео)

- Москвада чек аралар жабылгандыктан мигранттардын кызматына суроо-талап көбөйдү. (Настоящее время)​

- Европа өлкөлөрү COVID-19га каршы жаңы чектөөлөрдү киргизүү менен күрөшүүдө. (видео)

- Кайсы өлкөлөрдө адамдар тоё тамактанышпайт? (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG