Ссылки доступа

Өзбекстан бийлиги коррупцияга каршы жумалык уюштурат


Өзбекстандын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук кеңеши Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги менен бирге антикоррупция жумалыгын жарыяланоону пландоодо.

Расмий маалыматка караганда, иш-чара 9-декабрь – Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналат.

Бир жума бою коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Өзбекстанда аткарылып жаткан иштерди жана алдыдагы пландарды талкуулоо үчүн эл аралык жана аймактык конференциялар уюштурулат.

Жумалыктын алкагында ЖМКлар үчүн ашык эшик күндөрү өткөрүлөт.

Көптөгөн жылдар бою Өзбекстан эл аралык баяндамаларда дүйнөдөгү эң коррупцияланышкан өлкө болуп көрсөтүлүп келет. Маселен, Transparency International уюмунун 2019-жылдагы иликтөөсүндө Өзбекстан жемкорлуктун деңгээли боюнча 180 өлкөнүн ичинен 153-орунда жайгашкан.

XS
SM
MD
LG