Ссылки доступа

Тажикстан ИИМи Хорогдогу ок атуу боюнча маалымат берди


Хорог
Хорог

4-ноябрь күнү кечинде Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун административдик борбору — Хорог шаарында милиция кызматкерлери асманга ок атууга аргасыз болушту. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, шаар тургундарынын тобу милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылып, буга байланыштуу тартип сакчылары асманга ок атышкан.

«Окуя 4-ноябрь күнү кечинде Хоруги Боло маалесинде болду. «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу МАИ кызматкерлерине баш ийбей, аталган маалеге качып барган. Ал жерде 15 тургундан турган топ бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүп, МАИ кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылышкан. Аларды тынчытуу үчүн милиционерлер асманга ок атышкан», — деп жазылды ИИМдин билдирүүсүндө.

Бирок жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлери эч себепсиз эле калктуу конушта ок атышканын айтышууда.

Азырынча тартип сакчылары менен жашоочулардын ортосунда эмне болгону так белгисиз. ИИМ бул окуя боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.

Хорогдо күч түзүм кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда буга чейин да кагылышуулар болуп келген. 2018-жылдын күзүнөн бери шаарга милициянын кошумча посттору коюлган. Калаанын жашоочулары «тартип сакчыларынын мыйзамсыз аракеттерине каршы» бир нече жолу акцияга чыгышкан.

XS
SM
MD
LG