Ссылки доступа

Казакстанда ишканалар жумушчуларына физикалык көнүгүүлөрдү жасата баштайт


Казакстанда саламаттык сактоо министри Алексей Цойдун буйругу менен жумушта кызматкерлерди физикалык көнүгүүлөрдү жасатуунун эрежелери бекитилди.

Документте көнүгүүлөрдү жумушчуларга күндүн биринчи жарымында 10-15 мүнөт жасатуу сунушталган.

«Физикалык көнүгүүлөрдүн максаты — акыл-эсти эс алдыруу, күчтү калыбына келтирүү, ден соолукту бекемдөө жана жумушчулардын иш жөндөмдүүлүгүн арттыруу», — деп жазылган буйрукта.

Министрликтин билдирүүсүндө көнүгүүлөрдүн бир нече түрү сүрөттөр менен көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда жумуш берүүчүлөр ишмердүүлүгүнө, эмгек шарттарына жана жамааттын курагы, жынысына карап эреженин алкагында өз көнүгүүлөрүнүн топтомун иштеп чыкса болору белгиленген.

Көнүүгүлөр аткарыла турган бөлмө дайыма таза кармалып, алдын ала желдетилип турушу керек.

XS
SM
MD
LG