Ссылки доступа

Душанбе Орусиянын «ЮТэйр» авиакомпаниясына чартердик каттамдарды аткарууга уруксат берди


Тажик бийлиги Орусиянын «ЮТэйр» авиакомпаниясына Душанбе-Москва жана Хожент-Сургут багыттары боюнча чартердик каттамдарды аткарууга уруксат берди. Бул тууралуу Орусиянын Тажикстандагы элчилиги билдирди.

«ЮТэйр» компаниясынын учактары аталган багыттар боюнча 7-ноябрдан тартып жумасына бир жолудан учуп турушат. «Авиакомпания Душанбеден Москвага чартердик каттамдарды 7-14-21-28-ноябрь күндөрү аткарат. Хожент-Сургут багыты боюнча каттамдар жүргүнчүлөр тизмесинин толушуна жараша болот», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн бул каттамдар менен Орусиянын жарандары, ошондой эле орус өкмөтүнүн буйругунда көрсөтүлгөн өлкөгө кирүүгө себептери бар адамдар гана уча алышат.

Душанбе-Москва каттамдарына билеттер «ЮТэйр» авиакомпаниясынын расмий сайты аркылуу сатылат.

Элчилик Тажикстанга чартердик каттамдарды аткаруу өтүнүчү менен «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы да кайрылууга ниеттенип жатканын кошумчалады.

Тажикстан коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу максатында аба каттамдарын марттын аягында токтоткон. Азырынча Орусия менен Тажикстандын ортосундагы ырааттуу аба байланышы качан калыбына келе турганы белгисиз. Тажик бийлиги июлда эле каттамдарды жандандырууга даяр экенин билдирип, Орусиянын тиешелүү органдарына расмий кайрылуу жөнөткөн. Акыркы айларда Орусиядагы тажикстандык мигранттарды мекенине жеткирүү үчүн чартердик каттамдар гана аткарылууда. Ноябрда Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы күнүнө беш жолудан — эки каттамды Москвадан, үчөөнү башка орус шаарларынан аткарып турары кабарланган.

Видео

Видео

Булак суусуна балык баккан эки ишкер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:20 0:00
XS
SM
MD
LG