Ссылки доступа

Илхам Алиев: «Эгер Армения Бакунун шарттарын аткарбаса, Азербайжан аягына чейин күрөшөт»


Эгер Армения бийлиги Бакунун шарттарын кабыл алып, ээлеп алган аймактарды бошотпосо Азербайжан Тоолуу Карабакта согуштук аракеттерин улантат. Бул тууралуу Азербайжан президенти Илхам Алиев билдирди.

Алиев жекшембиде элине кайрылуу жасап жатып: “Эгер Армения менин талабыма жооп бербесе, аягына чейин күрөшөбүз. Алар басып алган аймактардын баарынан чыгып кетиши керек”, — деди.

Анын айтымында, 27-сентябрдан бери азербайжан армиясы 200дөн ашуун калктуу конуштарды, анын ичинде Физули, Жабраил, Зангилан, Губадлы, Шуша шаарларын ээледи.

—Салгылашуу уланууда, окуппация алдында дагы калктуу конуштар бар. Азербайжан армиясы жеңиш жолунда. Биз армян армиясын, алардын аскердик техникаларын талкаладык. Армения дээрлик утулганын мойнуна алды, аскердик жардам сурап жатат, — деп белгиледи ал.

Бул билдирүү боюнча армян тарап жооп кайтара элек.

Бул арада өзүн республика катары жарыялаган Тоолуу Карабактын Коргоо министрлиги Шуши шаарынын четиндеги түнкү салгылашууда Азербайжандын куралдуу күчтөрү ири жоготууга учураганын билдирген. Расмий билдирүүдө каршылаш тарапта курмандыктар көп экени, мындан тышкары азери тараптан төрт танк, 20 брондолгон техника, 11 автотехника жана эки учкучсуз учак жок кылынганы айтылган.

1980-жылдардын аягынан бери Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшкөн Тоолуу Карабактагы абал быйыл 27-сентябрдан бери курчуп, куралдуу кагылышуу уланууда.

XS
SM
MD
LG