Ссылки доступа

Тажикстандын аймактарында жашоочулар электр жарыгына чектөө киргенин билдиришүүдө


Тажикстандын айрым аймактарында жашоочулар эртең менен саат 8ден кечки 5ке чейин электр энергиясы өчүрүлүп жатканына даттанышууда.

Соцтармактардагы маалыматтарга караганда, ушул тапта Хатлон жана Согди облусунун дээрлик бардык райондорунун жашоочулары жарыксыз отурат. Айрым колдонуучулар электр кубатын өчүрүү 31-октябрда, Эмомали Рахмондун инаугурациясынан кийин эле башталганын билдиришүүдө. Жаңы президенттик мөөнөткө киришип жатып, тажик президенти алдыдагы жети жылда өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздай турганын айткан.

«Барки точик» энергохолдинги көмөк чордондордо оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан жарык берүү үзгүлттүккө учурап жатканын билдирди. Компаниянын басма сөз кызматы оңдоп-түзөө иштери дагы бир апта созуларын кошумчалады.

Мындан бир ай мурун тажикстандыктар күндүз жана кечинде белгилүү бир сааттарда электр жарыгы өчүрүлүп жатканына даттанышкан.

«Барки точик» компаниясы ири подстанциялар менен жогорку чыңалуудагы линияларда профилактикалык иштер жүргүзүлө турганын, мындан улам күндүз айрым жерлерде электр жарыгы жок болорун эскерткен.

Тажикстанда 20 жылга жакын убакыттан бери октябрдан апрелдин ортосуна чейин жарандарга электр энергиясын берүүдө чектөөлөр болуп келген.

2017-жылы алгачкы жолу кышкысын чектөө киргизилген эмес. Анда «Барки точик» компаниясы кичи ГЭСтер жана ЖЭБдер курулганын, бул электр энергиясын үнөмдөбөй пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.

XS
SM
MD
LG