Ссылки доступа

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы байыркы археологиялык эстеликтер талкаланууда


Өзбекстандын уникалдуу архитектуралык эстелиги катары катталган Кашкадарыя облусунун Яккабаг районундагы байыркы жети дөбө талкаланууда.

Октоштепа, Сандалтепа, Хабартепа, Довзатепа жана Киндиктепа деген байыркы дөбөлөргө жергиликтүү тургундар үй куруп, ишкерлер кыш өндүрүү үчүн ал жерден экскаватор менен кум казып алышууда.

«Археологиялык эстелик деп каттоого алынган аймак айдоо жер катары колдонулуп жатат. Байыркы дөбөлөрдүн жанына кыш өндүрө турган завод курулуп, ал аймактан кум казып алууда. Мындан тышкары архитектуралык эстелик жайгашкан жерден жергиликтүү тургундарга үй куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген», — деди Кашкадарыя облусуна барып келген архитектор Абдумалик Турдиев.

Өлкөнүн Маданият министрлиги «байыркы дөбөлөрдү сактап калуу үчүн» Кашкадарыяга текшерүүчүлөр жөнөтүлгөнүн билдирди.

– Азыр биз мындай учурлардын алдын алуу үчүн укук коргоо органдары менен кызматташып жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин өкүлдөр милиция кызматкерлери менен чогу Кашкадарыя облусунун бардык райондорундагы маданий мурас объектилеринин абалын текшерип жатышат, — деп билдирди министрликтин өкүлү.

XS
SM
MD
LG