Ссылки доступа

Тажикстанда өспүрүмдүн ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алуу фактысы боюнча тергөө башталды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын Хатлон облусундагы Дусти районунун тургуну 13 жаштагы уулу облустук ооруканада дарыланып жатканда ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алганын билдирүүдө.

Анын айтымында, бир ай мурда тапшырган анализдин жыйынтыгы аялы экөө таза экенин, уулунун канында ВИЧ-инфекциясы бар экенин көрсөткөн. Ошондуктан ал вирус жергиликтүү ооруканалардын биринде жуккан деп эсептөөдө.

«Уулум 2015-жылы сарык оорусунан дарыланган. Өткөн жылы да бир нече жолу ооруканага жаткан. Акыркы айларда тамак ичпей калды. Райондук оорукана анын ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алганын аныктады. Аялым экөөбүздүн ден соолугубуз жакшы, уулум вирусту ооруканадан гана жуктуруп алышы мүмкүн», - деди ал.

Дусти райондук прокуратурасы жергиликтүү тургундун арызы боюнча тергөө иштери башталганын билдирди. Бирок мекеме өкүлү өспүрүм ВИЧ-инфекциясын качан жана кандай шартта жуктуруп алганын аныктоо өтө оор болорун белгиледи.

Хатлон облустук саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү бул айыптоолор негизсиз экенин айтып, бирок тергөөнүн жыйынтыктарын күтүшөрүн билдирди.

Тажикстандын Кылмыш кодексиндеги «Атайылап ВИЧ-инфекциясын жуктуруу» беренесинде күнөөлүү деп табылган адамга эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Өткөн жылы Тажикстанда 130 балага ВИЧ-инфекциясы жуккан. Дарыгерлердин айтымында, алардын көбү вирусту оорулуу апаларынан жуктуруп алышкан. Бирок болжол менен балдардын 30% илдетти кайдан жуктурганы белгисиз болуп келет.

2017-2020-жылдары ВИЧ-инфекциясына каршы күрөшүү боюнча улуттук программада акыркы беш жылдын ичинде Тажикстанда 370 өспүрүм бул вируска кабылганы жазылган. Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө өлкөдө ВИЧ-инфекциясын жуктурган 800 бала каттоодо турат.

XS
SM
MD
LG