Ссылки доступа

Базардагы өрт соодагерлерди күйгүздү (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан дагы видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- БАЭ жарандык никеге уруксат берди. Армения, Азербайжан жана Орусия жикчил Тоолуу Карабактагы урушту токтотуу тууралуу келишимге кол коюшту. Мындай чечим Арменияда нааразылык пайда кылып, албууттанган топ Еревандагы өкмөт үйүнө чабуул койду. Бириккен Араб Эмираттарында жарандык никеге уруксат берилди. Америкалык «Pfizer» жана германиялык «BioNTech» компаниялары биргелешип чыгарган COVID-19га каршы вакцинасы 90% натыйжалуу экенин көрсөттү. (видео)

- Өзбекстан Кытайдын вакцинасын сынайт. АКШнын шайланган президенти Жо Байден коронавируска каршы күрөштү координациялай турган жумушчу топ түзөрүн жарыялады. Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы Шуша шаары алынганын жарыялаганы менен расмий Ереван шаар үчүн кармаш уланып жатканын билдирди. Өзбекстан Кытайдан коронавируска каршы 5 миң доза вакцина алды. (видео)

- Базардагы өрт соодагерлерди күйгүздү. Бишкектеги ири базарлардын бири «Орто-Сайда» өрт чыгып, тилсиз жоо каптаган аянт болжол менен 1 800 чарчы метрди түздү. Кырсыктан базарда соода-сатык кылган ишкерлер, кийим тигүүчү цехтин ээси чыгымга учурады. Бул пандемияда ансыз да араң иштеп жаткан соодагерлерди сызга отургузду. (видео)

- "Данисте": Алайдагы үй музей, эмгекчил энелер. Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчтү. Облуста калган эки үй-бүлөнүн бирине атбашылыктар үй салып беришти. Алайда жарым кылым мурда курулган үй музейге айланды. Экономикага салым кошкон эмгекчил энелер. Студенттер телефонго тарткан тасма жеңүүчү болду. "Данисте" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын сунуш кылабыз. (видео)

- Илимпоз Воробьёв: Коронавирус биз менен калат. (видео)

- «Директордун туулган күнүндө да акча чогулттук». Шымкенттик мугалимдер мектепте салык салынып жатканына нааразы. (видео)

- Казакстанда коронавирус менен ооругандарды бекер дарылаган жеке клиника сотто утулуп калып, айып пул төлөдү. (видео)

- Орусия ЖОЖдорунда билим алган тажикстандык студенттер окууга кетүүгө уруксат берүүнү талап кылышты​. (видео)

- Тблисиде парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон он миңдеген адам акцияга чыкты. (видео)

-Казакстандын түндүгүндө блокпосттор коюлду: Орусия менен чек аралаш аймакта COVID-19 жуктургандар көбөйүүдө. (видео)

- Мугалимдер акча чогултууларга нааразы болуп, Токаевге кайрылышты. (Казакстандан видео)

- Азербайжан Карабактагы Шуша шаарынын алынышын майрамдоодо. (видео)

- Воронежде жоокер кызматташтарына кол салды: бирөөнү балта менен өлтүрүп, экөөнү атып салган. (видео)​

- «Чөнтөгүмдө акча жок кезде өзүмдү жаман сезем». Душанбедеги сурамжылоо. (видео)

-Жо Байден ким?​ (видео Директ)

- Казакстанда жетимдер он жылдап үй берилишин күтүп келишет. (Настоящее время)​

- Азия 360°: кыргыз «сырасы» кантип даярдалат? (видео Директ)​

- Беш баласын тарбиялап жаткан жалгыз бой ата. (Казакстандан видео)

- Казакстанда мурдагы саламаттык сактоо министри Елжан Биртановду камактан чыгаруу чакырыктары айтылууда. (Настоящее время)

- «Пенсияга жашоо мүмкүн эмес». Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттады. (видео)

- Тажикстанда 90-жылдары каза болгон ондогон журналистти өлтүргөндөр аныктала элек​. (видео)​

- Прагада өлтүрүлгөн еврей сүрөтчүсүнүн жүздөгөн эмгеги табылды. (видео)

- «Мен Казакстан деген түрмөдө жашайм». Казакстанда бир нече аял элге үнүн жеткирүү үчүн чачын алдырып, бийликке кайрылуу жолдошту. (Настоящее время)​

- Хожент дарыканаларында «коронавирустан коргой турган» бейджиктер пайда болду. (Тажикстандан видео)

- Москвада чек аралар жабылгандыктан мигранттардын кызматына суроо-талап көбөйдү. (Настоящее время)​

- Европа өлкөлөрү COVID-19га каршы жаңы чектөөлөр менен күрөшүүдө. (видео)

- Кайсы өлкөлөрдө адамдар тоё тамактанышпайт? (инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG