Ссылки доступа

Самарада өрттөн өлгөн тажикстандык мигранттардын туугандарынан ДНК үлгү талап кылынууда


Орусия бийлиги 7-ноярда Самарада үч кабаттуу имаратта чыккан өрттөн өлгөн эки тажик мигранттын туугандарынан ДНК үлгү талап кылды.

Орусия Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, өрттөн төрт киши, анын ичинде тажикстандык 20 жаштагы Оятулло Саломов жана 22 жаштагы Мухаммадшариф Абдуллоев мерт болгон. Дагы беш киши ар түрдүү жаракат алган.

Баштапкы маалыматтарга караганда, имараттагы өрткө электр зымдарындагы мүчүлүштүк себеп болгон. Жалын 500 чарчы метр аянтты чулгаган. Өрт эки сааттан кийин гана зорго өчүрүлгөн.

Маркум Оятулло Саломовдун агасы Бахтиёр Саломов 10-октябрда “Озодиге” маек куруп, өрт учурунда курман болгон кишилердин денеси толугу менен күйүп кеткенин, алардын тек-жайын аныктоого мүмкүн болбогонун айтты.

“Бүгүн Душанбедеги N1 төрөтканада бизден ДНК үлгү алышты. Бул менин агамдын тек-жайын аныктоо үчүн керек экенин айтышты. Дарыгерлер бизди башыбызга мүшкүл түшкөнүн уккан соң акча сурашкан жок. Болбосо ДНК анализи арзан эмес – 4 миң сомониге (400 доллар) чейин барат ”, - деди ал.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги маркумдардын сөөгү алардын тек- жайы аныкталган соң мекенине жөнөтүлөрүн билдирди.

Видео

Видео

Булак суусуна балык баккан эки ишкер
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:20 0:00
XS
SM
MD
LG