Ссылки доступа

Алматыда маркум активисттин уулун өлтүргөндөрдү табууну талап кылышты (видео)


Нур-Султанда маркум активист Дулат Агадилдин уулу бычакталып өлтүрүлгөндөн кийин жарандык активисттер Алматы шаардык полиция департаментинин алдына акцияга чыгышты. Алар колдоруна 2000-жылдардан бери табышмактуу жагдайларда каза болгон саясатчылар менен журналисттердин сүрөттөрүн кармап турушту.

«Адатта полиция митингдердин алдында активисттерге ашыкча кыймылдаганга да мүмкүндүк бербейт. Бул жерде адам өлүп жатса эмнеге күнөөлүүлөрдү табышпайт? Эмнеге эч кандай аракет болбой жатат?», — деди катышуучулардын бири.

Чогулгандардын алдына чыккан полиция департаментинин өкүлү жыйын «мыйзамсыз» экенин эскертип, анын катышуучуларына тарап кетүүнү сунуштады.

Жарандык активист Дулат Агадилдин 17 жаштагы уулу Жанболат Агадилов 11-ноябрга караган түнү Нур-Султандагы өспүрүмдөрдүн мушташы маалында бычакталып, алган жараатынан улам каза болгон. Полиция «Адам өлтүрүү» жана «Бейбаштык» беренелери боюнча тергөө иштери башталганын билдирген.

Агадилдин туугандарынын айтымында, 10-ноябрь күнү кечинде Көктал жана Талапкер айылдарында жашаган жаштардын ортосунда массалык мушташ чыккан. Азырынча ага эмне себеп болгону белгисиз.

Жарандык активист Дулат Агадил быйыл 24-февралда кармалып, эртеси Нур-Султандагы тергөө абагында каза болгон. 25-февралда ал Европарламенттин депутаттары менен жолукмак. Казакстандагы бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана активисттер Агадилдин өз ажалынан өлгөнүнөн күмөн санап, бийликтен бул ишти ачык жана адилеттүү тергөөнү талап кылышкан. Ушундай эле чакырыкты АКШнын Мамлекеттик департаменти, Улуу Британиянын Казакстандагы элчилиги, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу жасаган.

28-майда Нур-Султан шаардык соту Дулат Агадилдин өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулганын билдирген. Атайын комиссия жарандык активисттин денесинде тактар болгон эмес деген корутунду чыгарган. Агадилдин туугандары буга макул болбой, прокуратурага кайра арыз менен кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG