Ссылки доступа

Өзбекстанда COVID-19дан 500дөн ашык медицина кызматкери каза болду


Өзбекстанда коронавирус пандемиясы 500дөн ашык медицина кызматкеринин өмүрүн алды. Бул тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматынын иликтөөсүндө айтылат.

Ташкент шаарында, ошондой эле Наманган, Самарканд, Навои, Анжиян жана Ташкент облустарында иштеген дарыгерлер март айынан бери каза болгон адамдардын арасында коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлери болгонун ырасташты.

Аймактардагы дарыгерлер көз жумган кесиптештеринин көбү COVID-19га тест тапшырбаганын билдиришти. Алардын айтымында, буга өлкөнүн көпчүлүк аймактарында медиктер үчүн пландуу тестирлөө уюштурулбаганы себеп болгон.

– Мен иштеп жаткан айылдык бейтапканада 10го жакын кызматкер бар. Бирөөбүз да коронавируска тест тапшырган жокпуз. Вирус жуктуруп алган бейтаптардын үйүн кыдырып жүргөнүбүзгө карабастан, коргоо каражаттары менен камсыз болгон эмеспиз. Буга байланыштуу көбүбүз ооруп, үй шартында дарыланып чыктык. Жеке мен коронавирус жуктуруп каза болгон эки дарыгерди билем, – деди аты-жөнүн айткысы келбеген намангандык медиктерди бири.

Самаркандда иштеген медайым сентябрда коронавирус жуктуруп, 10 күн үйүндө дарыланганын, айрым дарыларды жумуштан алса, башкаларын өз эсебинен сатып алганын билдирди.

– Биз коргонуу каражаттары жокутугуна карабастан, бир эле маалда коронавирус жуктурган да, жуктурбаган да бейтаптар менен иштедик. Беткаптарды, колкаптарды өзүбүз сатып алып жаттык. Сентябрда ооругандар көбөйгөндө кызматкердин дээрлик баарына коронавирус жукту. Биз билгенден шаардык ооруканада бир дарыгер, бир лаборант каза болду, – деди медайым.

Өлкөнүн башка аймактарындагы медиктер да коргоо каражаттары жана убадаланган кошумча төлөмдөр берилбей жатканы боюнча түрдүү мекемелерге кайрылышканын, бирок майнап чыкпаганын билдиришти.

Буга кошумча «Телеграм» мессенжериндеги медицина тууралуу жазган «Фидокорлар» каналы быйыл көз жумган 500 медиктин аты-жөнүн, иштеген жерлерин жана сүрөттөрүн жарыялады. Билдирүүдө алардын өлүмүнүн себептери айтылган эмес, бирок туугандары комментарийге алар COVID-19 жуктуруп алгандан кийин каза болушканын жазышкан.

Ошол эле маалда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги пандемияда каза болгон медицина кызматкерлеринин так санын жарыялабай келет.

Быйыл 26-мартта өлкө президенти Шавкат Мирзиёев пандемия маалында медицина кызматкерлерине колдоо көрсөтүүгө багытталган токтомго кол койгон. Ага ылайык, коронавирус жуктуруп алган медиктер мамлекеттен бир жолу 100 миллион сум (10 миң долларга жакын) өлчөмүндө төлөм алышы керек. Мындан тышкары токтомдо коронавирустан каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнө 250 миллион сумдан (25 миң доллар) берүү каралган.

– Өкмөт азыр көз жумган медицина кызматкерлеринин так санын расмий жарыяласа, алардын баарына компенсация төлөп бериши керек болот. Балким ошондуктан вирус жуктурган жана каза болгон медиктер боюнча ачык маалымат берилбей келет, – деди анжияндык дарыгерлердин бири.

XS
SM
MD
LG