Ссылки доступа

Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанга экономикалык жана гуманитардык жардам берет


Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанга экономикалык жана гуманитардык жардам берүү боюнча чечим кабыл алышты. Бул тууралуу Казакстандын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондо сүйлөшкөн.

«Борбор Азиядагы абалды талкуулоо учурунда мамлекет башчылары аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү жөнүндө макулдашууга жетишти. Казакстан менен Өзбекстан кыргыз элине экономикалык жана гуманитардык жардам көрсөтөт», – деп айтылган билдирүүдө.

Буга чейин Өзбекстан реформа жүргүзүүдө Кыргызстанга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн каржылай-техникалык жана азык-түлүктөн жардам берерин кабарлаган.

Podrobno.uz интернет басылмасы билдиргендей, бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Ташкентте Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушканда айткан.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG