Ссылки доступа

Футбол: Жолдоштук беттеште Тажикстан курамасы БАЭ командасын ута алган жок


Тажикстан футбол федерациясынын сүрөтү
Тажикстан футбол федерациясынын сүрөтү

Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) менен болгон жолдоштук беттеште 2:3 эсебинде утулуп калды.

Дубайдагы «Забиль» стадионунда өткөн беттеште алгач 2:0 эсеби менен алдыга чыккан тажик футболчулары бул артыкчылыкты сактап кала алышкан жок.

«Оюн талаасына чыккан балдар үчүн өкүнүчтүү. Беттештин биринчи жарым бөлүгүндө эки топ киргизип, өтө жакшы башташты. Бирок экинчи таймда алмашууга чыккан футболчулар «оюнга кире албай», топту көп жоготуп жатышты. Жыйынтыгында оюнга көзөмөл кыла албай калышты», — деди Тажикстан командасынын башкы машыктыруучусу Усмон Тошев.

Бул Тажикстан курамасынын Дубайдагы экинчи жеңилиши — 7-ноябрдагы жолдоштук беттеште тажик футболчулары Бахрейн командасына 0:1 эсебинде утулган.

XS
SM
MD
LG