Ссылки доступа

Өзбекстанда эл каттоо 2023-жылга жылдырылды


Өзбекстанда эл каттоо 2022-жылдан 2023-жылга жылдырылды. Бул тууралуу өлкөнүн Статистика боюнча мамлекеттик комитети билдирди.

«Эл каттоо 2-3 жылдык даярдык иштерин талап кылган кеңири масштабдагы, машакаттуу жана өтө кымбат турган иш-чара», – деп айтылат билдирүүдө.

2019-жылы 5-февралда өзбек президентинин буйругу менен эл каттоонун мөөнөтү 2022-жылга белгиленген.

Статистика комитети көптөгөн өлкөлөр COVID-19 пандемиясына байланыштуу эл каттоонун мөөнөтүн жылдырып жатканын да белгилеген. Маалыматка караганда, Орусия, Казакстан жана Армения 2020-жылдагы эл каттоону 2021-жылга жылдырган.

XS
SM
MD
LG