Ссылки доступа

«Гафур Гулям» паркында турак жай комплекси курулбайт


Өзбекстан Маданият министрлиги Ташкент шаарынын Чилназар районундагы «Гафур Гулям» паркынын ордунда турак жай комплекси курулары тууралуу кептерди четке какты.

Күн мурун соцтармактарда Өзбекстандын борбор калаасындагы белгилүү маданий жана эс алуу паркынын аймагына турак жай комплекси куралары тууралуу маалымат тарап, коомчулук арасында нааразылык жараткан.

«Бул негизсиз маалымат. Чынында парктын аймагында жумуш башталды. Бирок турак жай комплекси курулбайт, тескерисинче парктагы жеңил конструкциялар түрттүрүлүүдө», – деп айтылган билдирүүдө.

Министрлик кабарлагандай, парктын аймагындагы бардык ишкерлерге эскирген аттракциондор жана оюн-зоок жабдуулары демонтаж болору тууралуу эскертүү берилген. Реконструкция учурунда көлмөлөр, бак-дарактар жана башка өсүмдүктөр зыянга учурабайт.

Өткөн аптада «Гафур Гулям»паркында түрттүрүү иштери башталган.

Парктын жаңы ээси ишкерлерге алуу жайда жайгашкан ресторандарды бузуп кетүүнү айтып, болбосо алар бульдозер менен түрттүрүлөрүн эскерткен.

Көп жылдар бою паркта иштеген ишкерлер жакында алардын кол алдындагы адамдар жумушсуздардын катарын толуктай турганына даттанышкан.

Видео

Видео

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00
XS
SM
MD
LG