Ссылки доступа

Тажикстанда «Ахбор» сайты өз ишин токтотот


Мирзо Салимпур

«Ахбор» сайтынын башкы редактору Мирзо Салимпур көз карандысыз интернет басылманын ишин токтотууну чечкенин жарыялады. Анын айтымында, сайтты жабууга Тажикстан Жогорку сотунун негизсиз чечиминен улам жаралган көйгөйлөр себеп болду.

Мирзо Салимпур өз билдирүүсүндө Жогорку сот «Ахборду» Тажикстанда тыюу салынган сайттардын катарына киргизгенден кийин көптөгөн юридикалык маселелер жаралганы айткан.

«Тилекке каршы, дал ушул негизсиз чечимден улам журналисттер өз материалдарын эркин жөнөтө албай, эксперттер жана чиновниктер күндүн курч темалары жөнүндө маек курбай калышты. Алардын баары тыюу салынган басылма менен кызматташууга айыпталышы мүмкүн», - деген ал.

Мирзо Салимпур кайрадан жаңы сайт ачууга ниеттенип жатканын билдирди. Анын айтымында, жаңы маалымат ресурсу да көз карандысыз жана бейтарап болуп, Тажикстан жана чөлкөмдөгү окуяларды чагылдырып турат.

«Ахбор» маалымат сайты төрт жыл мурун Прагада түзүлгөн. Соңку эки жылдан бери Тажикстанда ачылбай калган.

Быйыл жайында Тажикстан Башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрү Салимпурдун жакындарына «Ахбор» сайты менен кызматташуунун кесепеттерин эскертишип, сайттын башкы редактору жөнөткөн акчадан баш тартууга кеңеш беришкен. Мирзо Салимпур тажик бийлигине ачык кат жолдоп, Тажикстандагы туугандарын куугунтуктоону токтотууга чакырган.

Мирзо Салимпур узак жылдар бою “Азаттыктын” тажик кызматынын жергиликтүү жана Прагадагы кеңсесинде иштеген.

Видео

Видео

Манасчы Дөөлөттүн өнөр сереси (тасма маек)
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:57:50 0:00
XS
SM
MD
LG