Ссылки доступа

Молдовада президенттик шайлоодо Майя Санду жеңишке жетти


Майя Санду
Майя Санду

Молдовада жекшембидеги президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Батышка ыктаган талапкер, өлкөнүн экс-премьер-министри, Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Майя Санду жеңип чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын баары саналып бүткөнүн, анын жыйынтыгы менен Сандуну шайлоочулардын 57,75% колдогонун билдирди. Өлкөнүн азыркы президенти, орусиячыл саясатчы Игорь Додон болсо 42,25% добуш алды.

Додон башкы саясий атаандашы Сандуга жеңилип калганын мойнуна ала элек. Ал добуш берүү маалында эреже бузулганын белгилеп, шайлоонун жыйынтыгы боюнча сотко кайрыла турганын 16-ноябрда билдирди.

Европадагы Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) байкоочулары шайлоонун жүрүшү боюнча корутундусун жарыялай элек.

Майя Сандунун тарапташтары анын жеңишин «Аракет жана тилектештик» партиясынын кеңсесинде майрамдашты. Санду бул күндү жалпы элдин жеңиши катары сыпаттады.

«Биз молдовандардын укмуштуудай жигердүүлүгүнө күбө болдук. Каатчылыкка, мамлекеттик институттарга ишеним кетип турганына, үгүт өнөктүгүндөгү ыпластыкка карабай, бул жакта да, сыртта да көп адам добуш берди», - деп билдирди Санду.

Молдовада президент төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

XS
SM
MD
LG