Ссылки доступа

Өзбекстанда арзан көмүр үчүн кезекке тургандар көп болууда (видео)


Өзбекстандын газ менен камсыз болбогон айрым райондорунда арзан көмүр үчүн кезекке тургандар көп болууда. Интернетке жарыяланган видеодо тургундар бири-бири жөөлөп, милиция кызматкерлери тартипти камсыз кыла албай жатышканын көрүүгө болот.

Анжияндын тургундары кыштын алдында райондогу көмүр сатуу жайларына жергиликтүү арзан көмүр келгенин, анын килограммы 303 сумдан сатылып жатканын билдиришти.

Асака районунун жашоочусу Азиза Халикова 11-ноябрда эртең менен кезекке 51чи болуп жазылганын, бирок ал күнү көмүр ала албаганын айтууда.

– Асакадагы кампага 10 вагон көмүр келген. Кампадан жүк унаалары көмүр жүктөп чыгып жатканын көрдүк, бирок каякка алып кетип жатканын биле алган жокпуз. Биз эртеден бери кезекте турдук, кечке чейин 39 гана киши көмүр алды. Көмүр жок калып, эртең келгиле деп коюшту, – деди Халикова.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, райондо газ жок, электр энергиясы тез-тез өчүп турат.

– Жыгач отун кымбат, бир прицеби 3 миллион сум (300 доллар) турат. Сапаты начар болсо да Ангренден келген көмүрдү алганга аракет кылабыз. Анын бир тоннасы 303 миң сум, бул Казакстандын көмүрүнөн эки эсе арзан, — деди өзүн Абдувосит деп тааныштырган жергиликтүү тургун.

Анжиян облусунун Кургантепа районундагы көмүр кампаларында да ушундай эле көрүнүш. Арзан көмүргө кезекке турган жергиликтүү тургундар жөөлөшүп, пикир келишпестиктер чыгууда.

«Өзбеккөмүр» ишканасынын маалыматына караганда, жыл сайын өлкөдө 4 миллион тоннадан ашык көмүр казылат. Бул калктын көмүргө болгон муктаждыгын 80% жабат.

«Өзбеккөмүрдүн» аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү аймактарда көмүрдүн жетишсиз болуп жатканына чайкоочулардын аракети себеп болуп жатканын билдирди.

– Башка өлкөлөргө салыштырмалуу бизде көмүр кыйла арзан. Өкмөт элдин жашоосун жеңилдетүү үчүн көмүрдү арзан кылууда. Бирок күздүн келиши менен чайкоочулар көмүрдү тонналап алып, кийин кымбатыраак сатуу максатында сактап коюп жатышат. Бизде азыр калкты толуп камсыз кылууга көмүр жетиштүү, – деди ишкананын өкүлү.

XS
SM
MD
LG