Ссылки доступа

Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлердин спорт менен алектенүүсү көзөмөлгө алынат


Өзбекстандын Дене тарбия жана спорт министрлиги мамлекеттик кызматкерлердин спорт менен туруктуу алектенишине мониторинг кылуусун улантат.

16-ноябрда мекеме президенттин алдындагы Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү агенттиги менен меморандумга кол койду.

Ага ылайык, Дене тарбия жана спорт министрлиги Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү агенттиги менен биргеликте мамлекеттик кызматкерлер үчүн туруктуу түрдө дене тарбия жана спорт сабактарын уюштуруп, сергек жашоо образын пропагандалап турушат.

Мындан тышкары 2021-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик органдар менен уюмдардын бирден кызматкерине «спорттук пропоутер» деген кошумча тапшырма берилет. Анын бул иши үчүн айлыгы 20% жогорулайт.

Быйыл 30-октябрда өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев «Сергек жашоо образын киргизүү чаралары жана массалык спортту өнүктүрүү тууралуу» жарлыкка кол койгон. Ал окуу жайлар менен уюмдарда дене тарбия жана массалык спорт менен алектенүүгө шарттарды түзүүгө багытталган.

Жарлыкка ылайык, 18 жаштан жогору адамдардын арасында сутка ичинде 10 миң же андан ашык кадам баскандардын электрондук капчыгына 3000 сумдан которулуп турат. Мындан тышкары айдын жыйынтыгы менен райондо же шаарда эң көп баскан тургунга 300 миң сум (28 доллар), аймакта көп баскан адамга 500 миң сум (48 доллар) жана республикада эң көп баскан жаранга 1 миллион сумдан (100 долларга жакын) берүү каралган.

XS
SM
MD
LG